21-ноябрь күнү Токтогул шаарындагы Кара-Суу кичи районунун Орто-Кашат участкасында улуттук ат спортун даңазалаган чоң ат чабыш мелдеши өттү. Ага Кыргызстандын ар кайсы облустарынан жана Казакстандан келген күлүктөр катышты. Жарыштын жыйынтыгында үч багыт боюнча биринчи орунду ээлегендерге «Чанган» үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар тапшырылды.

Мелдешти Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы менен райондук «Аргымак» федерациясы биргелешип уюштурду.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында Токтогул районунун акими Урматбек Самаев сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалап, мелдешти расмий ачып берди.
Жарыш төрт багытта — кунан чабыш, топ байге, жорго салыш жана аламан байге боюнча өткөрүлдү.


Кунан чабыш:
1-орун — «Бестау» (Казакстан), ээси Нокотай Адилет;
2-орун — «Ландо» (Ысык-Көл облусунун Түп району), ээси Абдраманов Элшат;
3-орун — «Шумкар» (Талас облусу), ээси Жорготоев Ысман.
Топ байге:
1-орун — «Туран» (Чүй облусу), ээси Джакбеков Бекзат;
2-орун — «Талдыбулак» (Казакстан), ээси Бауржан Онгараев;
3-орун — Калифорния аргымагы (Казакстан), ээси Бауржан Онгаров.
Жорго салыш:
1-орун — «Императрица» (Талас облусу), ээси Бабанов Өмүрбек;
2-орун — «Мулан» (Нарын облусу), ээси Аблесов Наарынбек;
3-орун — «Гильза» (Кемин), ээси Касымов Айбек.

Аламан байге:
1-орун — «Кымбат» (Казакстан), ээси Орумбаев Самат;
2-орун — «Жел-Сулу» (Казакстан);
3-орун — «Карагер» (Чүй облусунун Байтик айылы), ээси Токтосартов Шаабидин.

Жарыштын жыйынтыгында кунан чабыш, топ байге жана аламан байге боюнча биринчи орунду ээлеген күлүктөрдүн ээлерине баш байге катары «Чанган» үлгүсүндөгү автоунаалар берилди. Ал эми аталган үч багытта экинчи жана үчүнчү орунду алгандарга, ошондой эле жорго жарышынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары, байгелүү орундардын ээлери диплом, медаль жана кубоктор менен сыйланышты.

Уюштуруучулар мелдештин жогорку деңгээлде өтүшүнө демөөрчүлүк көрсөткөн Ратбек уулу Нуралыга, Нурбек Темирбекович Тотоновго жана Жийдебай уулу Бактиярга ыраазычылык билдиришти.
Иш-чара улуттук ат оюндарын өнүктүрүүгө, кыргыз элинин каада-салтын жана баалуулуктарын даңазалоого, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана спорттук байланышты бекемдөөгө багытталды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова