Кыргызстанга белгилүү жазуучу, окумуштуу, балдардын сүйүктүү «Алиппе» китебинин автору Сулайман Рысбаев быйыл 70 жашка толду. Токтогул районунда балалыгы жана мектеп жылдары өткөн калемгер бүгүн атайын иш сапары менен Токтогул шаарына келип, мугалимдер жана окуучулар менен жолугушту..

Сулайман Рысбаев 1956-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Балалыгы Токтогул районундагы Сары-Камыш айылында өтүп, ошол жердеги «Бирлик» мектебин аяктаган. Кийин филология багытында жогорку билим алган. Токтогулдун кооз жаратылышы, элдик сөз байлыгы жана каада-салты анын чыгармачылык жолунун калыптанышына таасир эткен.

Жазуучуну өлкө боюнча мектеп босогосун жаңы аттаган балдардын колундагы «Алиппе» китебинин автору катары жакшы билишет. Мындан тышкары, ал башталгыч класстар үчүн окуу китептерин, жомокторду жана аңгемелерди жазган. Анын чыгармалары балдарды жакшылыкка, эмгекчилдикке жана жаратылышты сүйүүгө үндөйт.

Сулайман Рысбаев педагогика илимдеринин доктору, профессор. Ал билим берүү тармагындагы илимий-методикалык иштерге, окуу китептерин даярдоого, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө жана окуучулардын билим алуусуна байланышкан иш-чараларга активдүү катышып келет.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, жазуучу 11 монографиянын, 14 окуу китебинин, 40 методикалык эмгектин жана 255 илимий макаланын автору.

Учурда Токтогул шаарында өтүп жаткан жолугушууларда калемгер окуучулар менен китеп окуунун пайдасы, сабаттуу сүйлөө жана туура жазуу маданияты тууралуу баарлашууда. Ошондой эле алардын суроолоруна жооп берип, чыгармачылыкка кызыгуусун арттырууда. Ал эми мугалимдер менен сабак өтүүнүн жаңы ыкмалары жана балдарды тарбиялоо маселелери боюнча пикир алышууда.
Кичи мекенине кайтып келип, жетимиш жашында да жаш муун менен тажрыйбасын бөлүшүп жаткан Сулайман Рысбаевдин бул сапары жергиликтүү мугалимдер жана окуучулар үчүн өзгөчө мааниге ээ болууда.
Даярдаган: Азема Сабырбекова