Корчубек Акназаров атындагы мектепте күздүн берекесин, жаратылыштын кооздугун жана мол түшүмдү даңазалаган «Күз берекеси» аттуу чыгармачылык сынак өткөрүлдү. Ага башталгыч класстардын жана 5–8-класстардын окуучулары катышып, өз колдору менен жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Сынактын жыйынтыгында Гран-при жана 1-, 2-, 3-орундар башталгыч класстардын окуучуларына ыйгарылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар күзгү түшүмдөрдү, жаратылыштын кооздугун жана молчулукту ар кандай кол өнөрчүлүк буюмдары, композициялар жана кооз жасалгалар аркылуу чагылдырышты. Өзгөчө көңүл бурдурганы эмгектердин окуучулар менен ата-энелердин биргелешкен аракети аркылуу даярдалганы болду.
5-класстын класс жетекчиси Назгүл Ишенбаева өз классы менен даярдаган эмгектери тууралуу айтып берди:
«Эмгектерди даярдоого бир жумадан ашык убакыт кетти. Алгач ар кандай идеяларды чогултуп, андан соң ишке кириштик. Бул иштерде ата-энелерибиздин жардамы чоң болду. Окуучулар, ата-энелер жана мен биргеликте аракет кылдык. Даяр буюмдарды колдонбостон, бардык эмгектерди өз колубуз менен жасадык. Бул биргелешкен аракетибиздин үзүрү», — деди ал.



Сынактын жыйынтыгында бардык байгелүү орундардын башталгыч класстардын окуучуларына ыйгарылышы алардын чыгармачылык даярдыгынын жана аракетинин жыйынтыгы болду.
«Күз берекеси» сынагы окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө, эмгекке болгон кызыгуусун арттырууга жана ата-энелер менен мектептин кызматташтыгын бекемдөөгө багытталды.


Даярдагандар: Илима Жумабаева, Арууке Осмонова.