Билим берүү реформаларынын алкагында Кыргызстанда 27 билим берүүнү өнүктүрүү борборлору өз ишин баштады. Алардын бири-Ак-Талаа районунун билим берүүнү өнүктүрүү борбору. Учурда борбордун методисттери райондогу мектептерде педагогикалык коллективдер менен таанышуу максатында жолугушууларды, ошону менен бирге тренингдерди өткөрүштү. Аталган борбордун жетекчиси Ч.Сатындиеванын айтымында борбор билим берүү бөлүмүнөн бөлүнүп, өз алдынча мекеме катары уюшулду. Негизги максаттарынын бири-мугалимдерге, тарбиячыларга усулдук колдоо көрсөтүү менен бирге кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга көмөктөшүү.
Толугурак: https://youtu.be/st_29KCNeec?si=qgmPEY3yg9CnQU4h
Даярдаган:Барчын Мамытбекова