Ак-Талаа районунда эрте никеге туруунун алдын алуу жана жашы жете электердин укуктарын коргоо максатында 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында тиешелүү мекеме-уюмдардын адистери окуучуларга эрте никенин себептери жана кесепеттери, жашы жете электердин укуктары, үй-бүлө куруудагы жоопкерчилик, билим алуунун мааниси жана келечекти туура пландаштыруу тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле эрте никеге туруу жаштардын билим алуусуна, ден соолугуна жана психологиялык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленип, ар бир өспүрүм өз укуктарын билип, келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарылдыгы түшүндүрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистерден жооп алышты.

Балдардын укуктарын коргоо, сапаттуу билим алуусуна шарт түзүү жана эрте никенин алдын алуу – коомчулуктун биргелешкен жоопкерчилиги. Жаш муундун билимдүү, ден соолугу чың жана келечегине ишенимдүү инсан болуп калыптанышына кам көрүү маанилүү.
Даярдаган: М.Тентиева