Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү тармагын санариптештирүү жана мугалимдердин ишине заманбап технологияларды киргизүү максатында Ак-Талаа районундагы кыргыз тили жана адабияты, география мугалимдерине ноутбуктар берилди.

Бүгүнкү күндө 48 мугалим ноутбук менен камсыздалды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыковдун маалыматына караганда, буга чейин да 425 мугалимге ноутбуктар тапшырылган.
Аталган демилге мугалимдердин ишин жеңилдетүүгө, сабактарды заманбап талаптарга ылайык уюштурууга жана электрондук билим берүү ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Б. Мамытбекова