3-декабрь — Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата Тогуз-Торо районунда «Биз биргебиз!» аттуу кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын расмий баракчасында маалымдалды.

Бир айлыктын негизги максаты майыптыгы бар жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү жана коомдогу ордун бекемдөө. Ошондой эле калк арасында боорукерлик, кайрымдуулук жана өз ара түшүнүшүү баалуулуктарын жайылтуу көздөлөт.
Райондук мамлекеттик администрация бул демилгеге аймактагы мекеме-ишканаларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жеке ишкерлерди, коомдук уюмдарды жана кайдыгер эмес жарандарды активдүү катышууга чакырды.
«Кайрымдуулук — бул чоң материалдык жардам гана эмес, чын жүрөктөн жасалган кичинекей жакшылык. Ар бирибиздин жылуу мамилебиз жана көңүл буруубуз кимдир бирөөнүн жашоосуна кубаныч тартуулап, үмүтүн жандырат», — деп белгиленет маалыматта.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева