Кочкор районунда калкты көмүр менен камсыздоо иштери уланууда. Учурда район аймагындагы көмүр кампаларында отундун жетиштүү запасы бар жана тургундарга үзгүлтүксүз сатуу уюштурулган. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады.Көмүр кампалары Ормон-Хан айыл аймагында, ошондой эле Кара-Суу, Чолпон, Кум-Дөбө жана Сары-Булак айыл аймактарында жайгашкан.



Райондук администрациянын маалыматына ылайык, учурда көмүрдүн бир тоннасы 5500 сомдон сатылууда. Кампаларда калктын керектөөсүн камсыздоого жетиштүү көлөмдө отун бар.
Ошондой эле тургундарга кыш мезгилинде көмүр тартыштыгына кабылбаш үчүн отунду алдын ала сатып алып, кам көрүү сунушталат.
Даярдаган: Назик Мирланова