Тогуз-Торо районунда аз камсыз болгон 500 үй-бүлөгө Кыргызстандагы “Эмират” Кайрымдуулук уюмунун директору Рахматулла Эгембердиев демөөрчүлүгү менен 250 тонна көмүр таратты.

Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Арун уулу Темирбек, Кыргызстандагы “Эмират” Кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү жана айыл аймагынын айыл өкмөт башчылары катышты.

Калкка колдоо көрсөткөн кайрымдуулук уюмуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондун эли тарабынан ыраазычылыктар билдирилди.

Маалымат үчүн:
— Каргалык айыл аймагынан – 150 үй-бүлө,
— Атай айыл аймагынан – 200 үй-бүлө,
— Тогуз-Торо айыл аймагынан – 150 үй-бүлө көмүр менен камсыз болду.
Ар бир үй-бүлөгө 500 кг көмүр каралган.
Даярдаган: Анара Мааметова