Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, калкты сапаттуу айыл чарба продукциялары жана азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында жарманке өткөрүлдү.

Жарманкенин негизги максаты — айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, дыйкандар менен ишкерлерге өз продукцияларын ортомчусуз сатууга шарт түзүү, ошондой эле негизги азык-түлүктөр — буудай, ун, эт жана эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, жумуртка, жашылча-жемиштер, картөшкө, кант жана өсүмдүк майынын бааларынын негизсиз өсүшүн алдын алуу болуп саналат.

Иш-чарага район аймагындагы дыйкандар, фермерлер жана жеке ишкерлер катышып,тургундарга сапаттуу продукцияларды арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.Белгилей кетсек мындай жарманке ар ишемби сайын өтүп жатат.

Даярдаган: Анара Мааметова