Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды сел жана суу каптоо коркунучунан коргоо максатында дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган долбоордун алкагында жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү милдеттенмесин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды алган.
Курулуш иштери 2026-жылдын 1-октябрында башталып, учурда аяктоо алдында турат.
Долбоордун жалпы каржылоо суммасы 15 млн 190 миң сомду түзөт. Курулуш иштеринин алкагында жалпы узундугу 380 метр болгон дамба курулууда. Анын 47 метр бөлүгү эки катар таш менен бекемделсе, калган 333 метрине бетон куюу иштери каралган.

Аталган дамбанын курулушу аяктагандан кийин 23 турак жай жээк эрозиясынын кесепеттеринен корголот.
Долбоордун ишке ашырылышы Чолок-Кайың айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга жана турак жайларды жээк эрозиясынан коргоого багытталган.
Даярдаган: Б.Мамытбекова