Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайын айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды коргоо максатында дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында Нарын дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул иш-чара жээк эрозиясын алдын алуу жана кооптуу участокторду коргоо максатын көздөйт.
Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында жашаган тургундарды жана айыл чарба жерлерин суу ташкындарынан сактоо максатында күрдөөлдүү иштер жүрүп жатат.