Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында жашаган тургундарды жана айыл чарба жерлерин суу ташкындарынан сактоо максатында күрдөөлдүү иштер жүрүп жатат.
Атап айтканда, Кара-Үңкүр дарыясынын сол жээгиндеги 100 кожолукту жана 150 гектарга жакын айыл чарба жерлерин суу каптап кетпесин үчүн дамба куруу, бекемдөө иштерин «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чарасына киргизүү сунушу берилген.
Буга чейин 2018-жылы ушул эле «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чарасынын алкагында Кара-Үңкүр дарыясына 100 метрлик дамба курулган. Эми ошого дагы 100 метр аралыкка дамба куруу иштери жүрүп жатат. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 59 миң 400 килограмм цемент, 4050 килограмм арматура бөлүнүп берилген. Айыл аймагынын тургундары бүгүнкү күндө ашар жолу менен дамба куруу иштерин жүргүзүп жатышат.
Райондун акими Бакыт Козуев дамба куруу иштери жүрүп жаткан аймакка барып, иштин абалы менен таанышты. Ошондой эле, тургундар менен айыл чарба жерлерин суу каптоодон сактап калуу үчүн дагы эмнелерди жасоо керектиги тууралуу адистер менен баарлашты.
Кызыл-Суу айылында эл ашар жолу менен көпүрө салышты
Тимурлан Мелисбеков, Камбарали кызы Гүлназ