Кант шаарынын мэриясы мурдагы Люксембург айылынын аймагындагы, тургундар арасында РТС деп белгилүү болгон конуштагы суу менен камсыздоо маселеси боюнча расмий маалымат берди.

Административдик-аймактык реформадан кийин аталган аймак Кант шаарынын курамына кирген. Мэриянын маалыматына ылайык, суу менен камсыздоо маселеси шаар жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө турат.
Учурда аймактагы үйлөрдү Пушкин көчөсү, 141 дарегинде жайгашкан артезиандык скважина суу менен камсыздайт. Объект «Нур Профи Групп» ЖЧКсына таандык болуп, совет мезгилинен бери иштеп келет. Мэриянын маалыматына караганда, скважинанын аймагы толугу менен тосулуп, бөтөн адамдардын кирүүсүнө чектөө коюлган.
Мэрия социалдык тармактарда тараган скважинанын лицензиясы жок деген маалыматты четке какты. Расмий маалымат боюнча, объект 2007-жылдын 23-мартында берилген №1020-ТЕ лицензиясынын негизинде иш алып барат.
Эмне үчүн суу өчүрүлгөн?
Мэриянын маалыматына ылайык, суу үчүн белгиленген тариф айына бир адамга 90 сомду түзөт жана ал антимонополиялык орган менен макулдашылган.
23-сентябрда скважинада авария болуп, насостун мотору күйүп кеткен. Мэрия суунун убактылуу токтотулушу ушул аварияга байланыштуу болгонун билдирди.
Ошол эле учурда суу менен камсыздоо инфраструктурасы совет мезгилинен бери колдонулуп келе жаткандыктан, эскиргени белгиленди. Туруктуу жана үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн келечекте жаңы скважина бургулоо зарыл экени айтылды.
Скважина муниципалитеттин балансына өтүшү мүмкүн
Суу маселесиндеги дагы бир көйгөй төлөмдөрдүн өз убагында жүргүзүлбөй жатышы. Расмий маалыматта тургундардын болжол менен 30 пайызы суу үчүн системалуу түрдө төлөбөй турганы, ал эми айрым абоненттердин суу жеткирүүчү компания менен түзүлгөн келишими жок экени айтылат.
Ошол эле учурда «Нур Профи Групп» ЖЧКсы скважинаны муниципалитеттин балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. Учурда мэрия бул маселени карап жатат.
Мурдагы Люксембург аймагына 17 чакырым суу түтүгү тартылат
Мэрия суу маселесин узак мөөнөттүү чечүү үчүн инфраструктуралык иштер жүргүзүлүп жатканын да маалымдады.
Мисалы, Кыргыcшелк айылында 13 чакырым суу түтүгү тартылып, жаңы скважина бургуланган.
Ал эми мурдагы Люксембург аймагы үчүн 17 чакырым суу түтүк тармагын тартуу жана жаңы суу магистралын куруу пландалууда.
Мэрия учурдагы суу менен камсыздоону калыбына келтирүү жана узак мөөнөттүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Nevaket Media суу маселесинин мындан аркы чечилишин, анын ичинде 17 чакырымдык суу түтүк тармагын куруу жана скважинаны муниципалитеттин балансына өткөрүү маселесин көзөмөлдөөнү улантат.
Даярдаган: Венера Шонкоева