Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылында айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган ири долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды. Анын алкагында Бучук БСРине суу жеткирүүчү инфраструктура курулуп, ондогон жергиликтүү тургундар убактылуу жумуш менен камсыз болушту.
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөк айылындагы Бучук БСРин суу менен камсыздоо максатында маанилүү долбоор ишке ашырылды. Долбоордун алкагында Бучук жана Бурган сууларын буруп келип, суу сактагычка жеткирүү үчүн жалпы узундугу 2 чакырым болгон арык казылып, анын жээктери бекемделип цементтелди. Ошондой эле суу өткөрүүчү түтүктөр жаткырылып, керектүү курулуш иштери жүргүзүлдү.

Долбоорду ишке ашырууга зарыл болгон курулуш материалдары цемент, суу өткөрүүчү түтүктөр жана сетка сыяктуу жабдыктар Кочкор районун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланды. Бул максатка фонд тарабынан 2 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары, Сары-Булак айыл өкмөтү долбоорго өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 330 миң сом бөлүп, курулуш иштеринин өз убагында жана сапаттуу аткарылышына салым кошту.

Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп, 48 жумушсуз жаран убактылуу жумушка тартылды. Алардын эмгеги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) колдоосу менен бааланып, ар бирине 300 килограмм ун жана 30 литрден өсүмдүк майы түрүндө азык-түлүк жардам көрсөтүлдү.

Бул долбоордун ишке ашырылышы Бучук БСРин суу менен толтурууга шарт түзүп, айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жакшыртууга жана жергиликтүү тургундардын жашоо-шартын жакшыртууга олуттуу салым кошот.

Бурул Майрамбек кызы