2026-жылдын 20-октябрында Кочкор районунун Төлөк айылындагы Соң-Көл жалпы билим берүү мектебинде «Соң-Көл куштарын бирге сактайлы!» аттуу жамааттык экологиялык фестиваль өттү. Иш-чарада окуучулар Соң-Көлдүн канаттууларын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча интерактивдүү сынактарга катышып, экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашты.
Фестивалга мектеп окуучулары, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, жаратылышты коргоо тармагындагы адистер, орнитологдор жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү катышты. Иш-чаранын максаты жаш муундун экологиялык билимин жогорулатуу, Соң-Көлдүн канаттууларын, суулуу-саздак жерлерин жана жалпы экосистемасын коргоого коомчулукту тартуу.
Фестивалдын катышуучулары алгач экологиялык жана сүрөт көргөзмөлөрү менен таанышып, жергиликтүү ишкерлердин, аялдар топторунун жана кол өнөрчүлөрдүн продукциялары коюлган жарманкени көрүштү. Көргөзмөлөрдө Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгү, канаттуулар дүйнөсү жана жаратылышты сактоонун мааниси чагылдырылды. Ошондой эле «Соң-Көл канаттуулары» аттуу фотозона уюштурулду.

Иш-чаранын ачылышында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү Адил Жумаалы уулу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери Мыскал Ганыбаева, «Экологиялык коопсуздук» коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Султангазиева, Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Алмаз Сатыбеков, «Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту» коомдук фондунун менеджери Анара Алымкулова жана Төлөк айылынын айыл башчысы Мелисбек Жумалиев катышып, жаратылышты коргоо маселелери боюнча пикир алышты.
Фестивалдын негизги бөлүктөрүнүн бири «Жергиликтүү жаштардын үнү» аттуу программа болду. Анда жаштар Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, канаттуулар жашаган аймактарды коргоо жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө коомчулукту тартуу маселелерин талкуулашты.

Фестивалдын алкагында 7-, 8- жана 9-класстардын окуучулары экологиялык сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Катышуучулар төрт командага бөлүнүп, «Кушту таануу», «Жаныбарлардын издери», «Саз дүйнөсү» жана «Канаттуулар жана миграция» аттуу интерактивдүү аянтчаларда күч сынашты.
Тапшырмалар окуучулардын канаттууларды айырмалоо, жаныбарлардын издерин таануу, суулуу-саздак жерлердин өзгөчөлүктөрүн түшүнүү жана канаттуулардын көчүп-конушу тууралуу билимдерин бекемдөөгө багытталды.
Мындан тышкары, форум-театр форматында Соң-Көлдүн экологиялык көйгөйлөрү талкууланып, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды. Экологиялык квесттин тапшырмалары катышуучуларды маалыматтарды талдоого, ойлонууга жана биргелешип чечим табууга үндөдү.

Фестивалдын жүрүшүндө «Убада дарагы» демилгеси да уюштурулду. Анын алкагында катышуучулар «Мен жаратылыш үчүн эмне кылам?» деген суроого жооп берип, айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу өз ойлорун жана убадаларын билдиришти.
Иш-чаранын соңунда «Биз — Соң-Көлдүн досторубуз» аттуу экологиялык кайрылуу кабыл алынды. Анда Соң-Көлдүн канаттууларын, суулуу-саздак жерлерин жана жалпы экосистемасын сактоого жергиликтүү тургундарды, жаштарды жана билим берүү мекемелерин активдүү тартуунун мааниси белгиленди.


«Соң-Көл куштарын бирге сактайлы!» экологиялык фестивалы «Соң-Көлдөгү суулуу-саздак жерлерди жана жайыттарды туруктуу башкаруу жана сактоо» долбоорунун алкагында «Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, Швециянын эл аралык өнүктүрүү кызматташтык агенттигинин (SIDA) колдоосу менен өткөрүлдү.





Соң-Көлдүн жаратылышын сактоо — бүгүнкү муундун гана эмес, келечек муундардын да алдындагы милдет. Мектеп окуучуларынын мындай иш-чараларга активдүү катышуусу алардын экологиялык маданиятын калыптандырууга, мекендин жаратылышына болгон жоопкерчилигин арттырууга жана айлана-чөйрөнү коргоо демилгелерине жаштайынан аралашуусуна өбөлгө түзөт.


Фестиваль окуучулардын экологиялык маалымдуулугун жогорулатууга, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга жана Соң-Көлдүн жаратылыш мурастарын сактоо үчүн биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө багытталды.
Даярдаган: Жасмина Мырзабекова