Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинде «Соң-Көл куштарын бирге сактайлы!» аттуу жамааттык экологиялык фестиваль өттү. Иш-чарада көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, канаттууларды жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, жайыттарды туура пайдалануу жана туризмдин жаратылышка тийгизген таасирин азайтуу маселелери талкууланды.
Фестиваль «Канаттуулар континенттерди бириктирет — алардын үйүн чогуу коргойлу!» деген ураандын алдында өттү. Ага илимий кызматкерлер, экологдор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чара «Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын институту» коомдук фондунун демилгеси менен Швециянын эл аралык өнүктүрүү кызматташтык агенттигинин (SIDA) колдоосу астында уюштурулду.
Фестивалдын жүрүшүндө Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун улук илимий кызматкери Айнура Асанова Соң-Көлдүн канаттуулар үчүн маанисине токтолду. Анын айтымында, көлдө сейрек кездешүүчү, анын ичинде Кыргызстандын Кызыл китебине кирген канаттуулар да кездешет. Соң-Көл миграция учурунда канаттуулардын эс алуусуна, азыктануусуна жана көбөйүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн маанилүү жаратылыш аймагы болуп саналат.


Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун Флора лабораториясынын улук илимий кызматкери Мыскал Ганыбаева көлдүн айланасындагы өсүмдүктөр дүйнөсүн сактоо жана жайыттарга түшкөн басымды азайтуу зарылдыгын белгиледи. Адистин айтымында, жайыттарды туура пайдалануу жана өсүмдүктөрдүн табигый калыбына келишине шарт түзүү Соң-Көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоодо маанилүү роль ойнойт.




Экологиялык коопсуздук уюмунун жетекчиси Анара Султангазиева да жайыттарды туура пайдалануу, туристтердин жүрүм-турумун жөнгө салуу жана жаратылыштын калыбына келишине шарт түзүү маселелерине токтолду. Ал туристтик аймактарды туура уюштуруу жана Соң-Көлгө келген коноктордун жаратылышка аяр мамиле кылуусу экологиялык көйгөйлөрдү азайтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Фестивалдын алкагында окуучулар төрт командага бөлүнүп, экологиялык квесттерге, форум-театрга жана канаттууларды байкоо боюнча практикалык мастер-класска катышты. Жыйынтыгында жеңүүчү командалар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле экологиялык жана сүрөт көргөзмөлөрү, жергиликтүү продукциялардын жарманкеси уюштурулду.





Иш-чаранын негизги максаты коомчулуктун экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу жана Соң-Көлдүн жаратылышын коргоого багытталган биргелешкен аракеттерди күчөтүү.
Соң-Көлдүн канаттууларын, өсүмдүктөрүн жана суулуу-саздак аймактарын сактоо үчүн жайыттарды туура пайдалануу, туризмди экологиялык талаптарга ылайык уюштуруу жана жергиликтүү коомчулуктун жаратылышты коргоого активдүү катышуусу маанилүү. Фестиваль ушул багыттагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана баалуу жаратылыш мурасын келечек муундарга сактап калууга көңүл бурду.
Даярдаган: Илима Жумабаева.