Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу парад жыйынтыкталды. Майрамдык жүрүштүн жыйынтыгында Атай айыл өкмөтү мыкты даярдыгын көрсөтүп, 1-орунга татыды.

Райондун борборунда өткөн парадга аймактагы мекеме-ишканалар жана айыл өкмөттөрү катышты. Алар мааракеге карата өзгөчө даярдык көрүп, майрамдык жүрүшкө жигердүү катышышты.

Катышуучулар өздөрүнүн тармактык жетишкендиктерин, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү жана улуттук каада-салттарды даңазалап, көрүүчүлөргө тартуулашты.


Атай айыл өкмөтүнүн биринчи орунду багындырышы — жамааттын биргелешкен аракетинин жана майрамга болгон жоопкерчиликтүү даярдыгынын жыйынтыгы болду.
Аделина Бейшеналиева