Тогуз-Торо районунун 90 жылдык мааракесиндеги парадда Атай айыл өкмөтү 1-орунду ээледи
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу парад жыйынтыкталды. Майрамдык жүрүштүн жыйынтыгында Атай айыл өкмөтү мыкты даярдыгын көрсөтүп, 1-орунга татыды.