22025–2026-окуу жылында А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебин 26 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинен Окенова Диана Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 184 балл алып, мектеп боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.

Диана мектепте окуган жылдары билим алуу менен катар республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына төрт жыл катары менен катышкан. Ал кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосун толук окуп чыгып, интеллектуалдык даярдыгын чыңдаган.
Бүтүрүүчүнүн жетишкендиги үчүн Карасаев айыл аймагынын башчысы Максат Бакасов ага ноутбук белекке тапшырды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланды.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билимдүү жаштарды колдоо жана алардын ийгиликтерин баалоо келечек үчүн маанилүү экенин белгилешти.
Даярдаган; Мадина Үсөнова