Нарын облусунун Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө «Мыкты үй-бүлө» кароо-сынагы болуп өттү. Сынак үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, улуттук каада-салттарды даңазалоо жана үй-бүлөлөрдүн чыгармачылык жөндөмүн колдоо максатында уюштурулду.

Сынакка катышкан үй-бүлөлөр жобого ылайык өздөрүнүн ынтымагын, чыгармачылык жөндөмүн, улуттук каада-салттарын жана үй-бүлөлүк баалуулуктарын чыгармачылык номерлер, кол өнөрчүлүк жана социалдык роликтер аркылуу көрсөтүштү.
Катышуучулар өзгөчө даярдык менен келип, үй-бүлөнүн биримдигин жана ынтымагын чагылдырган өнөрлөрүн тартуулашты.
Жыйынтыгында баш байгени Жолдошбек уулу Аязбек жубайы Калдашова Эльнура менен биргеликте жеңип алып, Ташкент шаарына жолдомого ээ болушту.

Жыйынтыгында,
баш байгени Жолдошбек уулу Аязбек жубайы Калдашова Эльнура камсыздап, Ташкент шаарына жолдомо;

1-орунду Таштанкулова Акыл жубайы Сыдыкова Чолпонай менен камсыздап, Алма-Ата шаарына жолдомо алышты.

2-орунду Кара-Бүргөн айылынан келген Керимбаев Болотбек жубайы Бабыгулова Жылдызкан менен биргеликте ээлеп, Ысык-Көлгө жолдомого ээ болушту.

Ал эми 3-орунду Чолок-Кайың айылынан келген Орозобек уулу Онолбек жубайы Аттокур кызы Эркинай менен камсыздап, баалуу белек жана акчалай сыйлык алышты.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи уюштурулуп, катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.
Кароо-сынактын өтүшүнө «Сакен апа» фондунун төрагасы, Коңорчок айылынын тургуну Акыл Курманбаев демөөрчүлүк кылды.
Маданият бөлүмүнүн башчысы К. Тиленбаеванын айтымында, аталган сынак үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, улуттук наркты даңазалоо жана үй-бүлөлөрдүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо максатында уюштурулган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова