Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайын айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды коргоо максатында дамба куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүүгө айыл аймак тарабынан КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды тартылып, аталган дамбаны куруу иштерин жүргүзүүгө милдеттеме алышкан.
Долбоордун жалпы каржылоо суммасы 15 млн 190 миң сомду түзөт. Ал эми дамбанын жалпы узундугу 380 метрди түзсө, мунун ичинен 47 метр бөлүгү таш менен эки катар бекемделет жана 333 метрине бетондоо иштери жүргүзүлөт.
Учурда 170 метр дамбанын негиздемеси (основаниеси) даярдалып, калган курулуш иштери улантылууда.

Курулуш иштерине 2 даана HOVO самосвалы жана Lovol 220 экскаватору тартылган.
Долбоор толук ишке ашканда жээк эрозиясынын алдын алуу менен Чолок-Кайын айылындагы 15 турак жайды коргоого шарт түзүлөт.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова