Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылдарында «Кадаң-Майстан» муниципалдык ишканасынын техникалары үчүн атайын токтотуучу жайлар курулду. Кара-Бүргөн айылындагы жайдын курулушуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, иштер БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашырылды.

Ал эми Ак-Чий айылындагы гараж жергиликтүү бюджеттин жана муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттын эсебинен, айыл өкмөтүнүн аппараты жана ишкананын кызматкерлери тарабынан курулду.
Айыл өкмөтүнүн башчысы К. Руслановдун маалыматына ылайык, эки айылда жалпысынан 10 техникага ылайыкталган токтотуучу жайлар уюштурулду.

Буга чейин муниципалдык техникалар аларды башкарган айдоочулардын үйлөрүндө токтотулуп келген. Жаңы гараждардын курулушу техникаларды бир жерде сактоого, алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана техникалык тейлөө иштерин ыңгайлуу уюштурууга шарт түзөт.
Даярдаган:Б.Мамытбекова