Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Ак-Талаа районунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу максатында ар кандай булактардан жалпы 32 даана техника алынып келинген.
Атап айтканда, техникалар төмөнкү каржылоо булактарынын эсебинен камсыздалды:
— КРнын Президениинин турукташтыруу фондунан – 2 техника;
— «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунан – 4 техника;
— Райондук өнүктүрүү фондунан – 2 техника;
— Тиешелүү министрликтерден – 19 техника;
— Жергиликтүү бюджеттен – 3 техника;
— Эл аралык донордук уюмдардан – 2 техника.

Бул техникалар учурда элге кызмат көрсөтүү менен бирге райондо техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, жергиликтүү деңгээлдеги иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Б.Мамытбекова