Мындай пикирди Ак-Талаа районунун акими М.Камчыбеков Баетов айыл аймагында өткөн жолугушууда билдирди Анын айтымында азыр аймакта иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана фонддор аркылуу керектүү техникалар менен камсыз болгон. Тактап айтканда, Теңир-Тоо өнүктүрүү фонду аркылуу 27млн 717миң сомго, ал эми райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 12 млн 461 миң сомго ар кандай техникалар алынып келингенин айтып, келерки жылда аткарылуучу иштердин мерчемин кошумчалады.


Алгач айылдык кеңештин төрагасы Ч.Азимжанов Баетов айыл аймагында жасалган иштер,тартылган инвестиция, долбоорлор, жүрүп жаткан курулуштар тууралуу баяндама жасады.

Андан сон суроо-жооп иретинде уланып, жарандар ички жолдордун абалы, таза суу, канализация ж.б маселелер көтөрүлдү. Айрымдары жеринде чечилсе, айрым маселелерди чечүү жагы тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырылды. Ал эми укук коргоо органдарынын жетекчилери мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды мыйзамдаштыруу, интернет кылмыштуулук жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга чакырды. Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдарынын, мекеме жетекчилеринин жана тургундардын катышуусундагы мындай жолугушуулар райондогу ар бир айыл аймакта өттү.
Даярдаган: Б.Мамытбекова