Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Турусбек орто мектебинде 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Тарыхым — тагдырым, ата-бабам — баяным» аттуу иш-чара болуп өттү.

«Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты — окуучуларды ата-бабалардын тарыхын урматтоого, мекенчилдикке, улуттук аң-сезимге, биримдикке жана өз элинин өткөн тарыхын терең билүүгө тарбиялоо», — дейт тарых мугалими жана уюштуруучу Өмүркан Керимов.

Иш-чаранын жүрүшү ыр, бий менен коштолуп, окуучулардын жана мугалимдердин активдүүлүгү менен өзгөчөлөндү.

Окуучулар тарабынан даярдалган атайын инсценировкалар аркылуу ата-бабалардын басып өткөн катаал жолу жандуу көрсөтүлдү.
Көркөм жана обондуу ырлар ырдалып,китеп жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү менен коштолду. Улуттук мурастарды, тарыхый китептерди жана окуучулардын кол эмгектерин камтыган көргөзмөлөр балдардын тарыхка болгон кызыгуусун дагы да арттырды.
«Биз кимдин урпагыбыз?» деген суроого жооп издеген окуучулар өз элинин тарыхын терең билген инсан гана эртеңки күнү мекенине татыктуу жаран боло аларын түшүнүштү. Муну менен катар, бүтүндөй мектеп жамаатынын бир максатта биригип иш-чарага катышуусу балдардын ортосундагы ынтымакты, жоопкерчиликти жана жамааттык сезимди бекемдеди.
Ар бир патриоттуулуктун артында өз кесибин жан-дили менен сүйгөн мугалимдердин эмгеги турат. Аталган маанилүү демилгендин ишке ашуусуна мектептин тарых мугалимдери салым кошушту.
Устаттардын жасаган бул эмгеги окуучулардын жаш жүрөгүнө мекенге деген сүйүүнүн, тарыхка болгон сый-урматтын бекемдеди.
Мектептин босогосунан аттаган жаш муун эртеңки күнү аталар жолун улаган, элин-жерин коргогон жана тарыхый эс-тутумду ардактаган абийирдүү инсандар болуп калыптарына ушундай иш-чаралар чоң өбөлгө түзөт.
Тарых — өткөндүн гана эмес, бүгүнкү күн менен келечектин да күзгүсү. Басып өткөн жолун, ата-бабанын төгүлгөн канын, тарткан маңдай терин билген улут гана түбөлүктүү боло алат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова