Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бургөн айылында «Ыр кесе» кароо-сынагы өттү. Анда айыл таланттары жобого ылайык ата-бабадан калган рухий мурастарды даңазалашты.

Кароо-сынактын негизги максаты — элдик ырларды, улуттук каада-салттарды, обондорду, унутта калып бара жаткан улуттук оюндарды жана кол өнөрчүлүктү жайылтуу менен бирге манасчылык, төкмө акындык, дастанчылык өнөрлөрдү колдоо. Ошондой эле ата-бабадан калган руханий мурастарды сактоо, фольклордук салттуу музыканы кеңири жайылтуу жана айыл тургундарынын маданий эс алуусун камсыз кылууну көздөйт.
Маданият бөлүмүнүн башчысы К.Тиленбаеванын айтымында «Ыр кесе» район аймагындагы айылдарда өткөрүлүп, ага катышуучулардын жашына жана санына чектөө коюлбайт. «Кароо-сынакка атайын калыстар тобу баа берип, катышуучулардын аткаруу чеберчилиги, сахна маданияты, сахнанын жасалгасы, улуттук кийимдери жана кыргыз элинин унутта калып бара жаткан баалуулуктарын чагылдыруусу эске алынат» деди ал.

Кароо-сынактын программасында кыргыздын улуттук каада-салттарын көрсөтүү, Манас жана дастан айтуу, күү чертүү, улуттук бий, патриоттук жана жергиликтүү обончулардын ырларын аткаруу, элдик жана тамашалуу ырларды эстрадалык жана фольклордук жанрда тартуулоо каралган. «Ыр кесенин» кезеги Баетов айылына караштуу Үгүт жана Байгөнчок айылдарына узады.
Аталган кароо-сынак КРнын Президентинин «Улуттук дем-дөйнөлүк бийиктик» Уңгужолу Жарлыгынын алкагында жана Ак-Талаа районунун 90 жылдыгына карата райондук мамлекеттик администрациясы менен райондук маданият бөлүмү тарабынан уюштурулууда.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова