Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылындагы Т. Оторов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.


Машыгуунун негизги максаты — мектепте өрт кырсыгы катталган учурда окуучулардын жана мектеп кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаал учурунда туура жана ыкчам аракеттенүү көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн практикалык түрдө текшерүү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө шарттуу өрт кырдаалы түзүлүп, мектеп кызматкерлеринин жана окуучулардын имараттан коопсуз эвакуацияланышы уюштурулду. Ошондой эле өрт чыккан учурда кабарлоо, биринчи кезекте адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, өрттү чектөө жана өчүрүү боюнча практикалык аракеттер көрсөтүлдү.



Машыгуу учурунда катышуучуларга өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо, кырсык болгон учурда дүрбөлөңгө алдырбай, белгиленген тартипте аракеттенүү жана коопсуз жайга тез арада чыгуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындай практикалык машыгуулар өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, өрт коопсуздугу боюнча даярдыкты күчөтүүгө жана окуучулар менен мектеп кызматкерлеринин коопсуздук маданиятын жогорулатууга багытталган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова