1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү тарабынан эмгек жолу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана коомдук турмуштагы активдүүлүгү менен жаштарга үлгү болгон 50 жаштан жогорку үй-бүлөлөрдү даңазалоо максатында «Өрнөктүү өмүр, бактылуу үй-бүлө» аталышындагы жолугушуу кечесинин 4-айлампасы өттү.


Жолугушууда ардактуу үй-бүлөлөр өздөрүнүн эмгек жолу, турмуштагы кызыктуу окуялары, кесиптик ийгиликтери жана үй-бүлөдө бала тарбиялоодогу тажрыйбалары тууралуу жаштар менен бөлүштү. Иш-чаранын негизги максаты – улуу муундун басып өткөн жолун, таалим-тарбиясын жана үй-бүлөлүк баалуулуктарын жаш муунга үлгү катары жеткирүү болду.
Кеченин жүрүшүндө Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, маданият бөлүмү тарабынан чакырылган үй-бүлөлөргө белектер тапшырылды.


Өз кезегинде иш-чарага катышкан үй-бүлөлөр да өнөрлөрүн тартуулап, кечеге өзгөчө маанай тартуулашты.

Жолугушууга райондун айыл аймактарынан төмөнкү үй-бүлөлөр чакырылды:
Ак-Чий айылынан Айтбай Нурманбетов жана байбичеси Зина Жакыпова;
Терек айылынан Токтобек Токтогулов жана байбичеси Сүйүмкан Мусакунова;
Байгөнчөк айылынан Карыбек Чодолдоев жана байбичеси Гүлай Жунусова;
Кара-Бүргөн айылынан Мамбетимин Мааданбеков жана байбичеси Жамал Шаршенбаева.






«Өрнөктүү өмүр, бактылуу үй-бүлө» жолугушуусу улуу муундун өрнөктүү өмүр жолун урматтоо менен бирге, үй-бүлөлүк ынтымакты, эмгекчилдикти жана адамдык баалуулуктарды жаштарга жеткирүүгө багытталган маанилүү иш-чаралардын бири болду.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова