«Кыргыз тил — элдин жүрөгү, адабият — дилдин мүрөгү» аталышындагы Мамлекеттик тил айлыгынын алкагында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Айчүрөк» лицейи филиалында акын, котормочу, педагог, жазуучу, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Бермет Бекешовна Алымбаева менен жолугушуу өттү. Иш-чараны лицейдин администрациясы, кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил кафедрасы уюштурду.

Китептин адамдын руханий дүйнөсүндөгү орду жана жазуучу менен окурмандын түз баарлашуусунун мааниси тууралуу сөз болгон жолугушууда калемгердин «Рахмат сага, булак!», «Жүрөктү багынткан нарк» аттуу китептери тааныштырылды. Катышуучулар чыгармалардын мазмуну, идеясы жана жаш окурмандарга тийгизген таасири тууралуу пикир алышты. Аталган китептер казак жана түрк тилдерине которулуп, чет өлкөлүк окурмандарга да сунушталган.
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү катары окуучулар жана мугалимдер жазуучунун чыгармаларынын негизинде даярдаган чакан сценкаларды тартуулашты. Каармандардын образдары сахнада жанданып, көркөм чыгармалардын мазмуну көрүүчүлөргө таасирдүү жеткирилди.

Жолугушууда окуучулар авторго чыгармачылык жолу, чыгарма жазуу процесси жана чыгармаларынын өзөгүндөгү идеялар тууралуу суроолорун беришти. Жазуучу жаш окурмандар менен түз баарлашып, китеп окуунун, ой жүгүртүүнүн жана улуттук баалуулуктарды баалоонун маанисине токтолду.

Жолугушууну уюштурууга демилге көтөргөн «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Мамлекеттик билим берүү программалары бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыялбек Акматов авторго, уюштуруу тобуна, мугалимдерге жана окуучуларга ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын соңунда жигердүү катышкан окуучуларга автор өзүнүн китептерине кол тамга жазып, белекке берди. Ошондой эле лицейдин филиалынын китепканасына өзүнүн китептеринен тапшырды.

Даярдаган: «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил координатору Жеңишбек Абдиназаров