Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Кочкор айылынын борборун көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу максатында 27 млн сом бөлүнгөн. Анын 10 млн сому көчөлөрдү жарыктандыруу иштерине багытталган.

Учурда Кочкор айылынын борборуна 42 даана заманбап жарык берүүчү жабдуу орнотулуп, пайдаланууга берүүгө даярдалууда. Мындан тышкары, Жаңы-Жол жана Теңдик айылдарында жолдун эки тарабына күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу жабдуулары орнотулат. Натыйжада Жаңы-Жол, Теңдик жана Кочкор айылдарын камтыган райондун борбордук бөлүгү толугу менен жарыктандырылат.

Ошондой эле жакынкы күндөрү «Теңир Тоо» өнүктүрүү фонду аркылуу Кочкор районундагы 10 чакырымдык айланма жолго күн энергиясы менен иштеген 318 даана түнкү жарыктандыруу жабдуусун орнотуу пландалууда.
Даярдаган: Нурия Карымбаева