Ай сайын айыл элинен чогулган суроолого аким жооп берип келет. Бул жолу “Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев түз эфирде элдин суроолоруна жооп берди. Алардын айрымдарын сунуштайбыз.
Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде, түрткү берүүчү грант аркылуу мектептин электр чубалгылары толук капиталдык ремонттон өтүп , оңдоп-түзөө иштери аяктады.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында мектепти он жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр футбол талаасына жарыктарды коюшту. Ошону менен биргеликте алар бүгүн футбол оюнун уюштурушуп, оюнга жалпы 10 команда катышты.
Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлүп, өскөн Айнура Рысбаеванын колдоосу менен көчө чырактары коюлуп, жарык болуп калды. Буга чейин аталган көчо кечинде караңгы болуп, айыл тургундарына оорчулук болуп турган.
Барскоон айыл аймагында жергиликтүү кеңештин 3-кезектүү сессиясы болуп өттү. Анда айыл ичин жарыктандыруу жана көпүрөлөрдү оңдоо, суу тартып келүү маселелери каралып, бюджеттен акча каражаты бөлүндү.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын чет жакта жайгашкан Кара-Балта жана Жылдыз көчөлөрүнө жарык коюлду.
Кош-Дөбө айылындагы С. Шералиев көчөсүнө жаштардын демилгеси менен кечки шам чырактар коюлду.
Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылында жол чырактары орнотулду.
Кожомкул айылында көчөлөрдү жарыктандыруу иши башталды.
Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Туура-Суу 1 айылындагы Алматай көчөсүндө түнкү жарыктандыруу маселеси чечилди.Түнкү жарыктандыргычтар 20 даана орнотулду. Бул иштерге айылдык бюджеттен 50 миӊ сом каралган.
Лейлек районундагы Андарак айылында 2014-жылы коюлган жол чырактар бүгүнкү күндө иштебей турат. Иштебегенин себеби алардын лампалары жараксыз болуп калган.
Тасма айылында жалпысынан төрт көчө бар, ал көчөлөргө жарык кою маселеси көйгөйлүү маселелердин бири экенин билдирет айыл тургундары. Айылдагы Абдыкерим көчөсүнө жарык орнотулуп азыркы күндө алар иштебей жататканын айтышат тургундар.
Кулатов айыл аймагынын борбору Кызыл-Булактын борбордук көчөсү эми кеч киргенде жарык болуп турат. Жарыктандыруу системасы кечээ 26-сентябрда ишке киргизилди.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров бул айыл тургундарынын коопсуздугу үчүн орнотулган.