Кочкор районунун Чолпон айылында төрөлүп, өскөн Айнура Рысбаеванын колдоосу менен көчө чырактары коюлуп, жарык болуп калды. Буга чейин аталган көчо кечинде караңгы болуп, айыл тургундарына оорчулук болуп турган.
Айнура Германия шаарынын Мюнхен шаарчасында Staatl Berufsschule Landshut университетинде окуйт. Айнура ата-энеси менен биргеликте кеңешип, көчөнү жарыктандырууга көмөк көрсөтүү чечимине келген.
Тамара Каатбек кызы көчөсүндөгү көчө чырактарынын көрүнүшү
Рыспай Жомартов
Рыспай Жомартов Айнура Рысбаеванын атасы. Ал төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Мен көптөн бери пландап жүргөн ишим бүгүнкү күндө ишке ашып жатат. Ал план көчөбүздү көчө чырактар менен камсыздоо. Көчө чырактары тууралуу кошуна-колоңдордун арасында кеп-сөз болуп калды. Мындайча айтканда муну бир көйгөй десем жанылышпайм. Бул сөздү Айнурага айтып, аны менен кеңешип, көчөгө көчө чырактарын коёлу деп чечтик. Себеби, жалгыз Тамара Каатбек кызы көчөсүндө чырактар жок. Кечинде караңгы, эч нерсе көрүнбөйт. Жалпысынан көчөгө 4 чырак коюлду. Албетте, мен райондук электр ишканасынан уруксат алып койдурдум. Бүгүнкү күндө көчөбүз жакшырып, жарык болуп калды».
Фарида Ирсалиева
Чолпон айылынын тургуну Фарида Ирсалиева:
«Жарык өтө эле чоң пайда көрсөтүп жатат. Көчөбүз жакшы, жарык болуп калды. Мурда көчөдө эч кандай көчө чырактары жок болчу. Бүгүнкү күндө көчөбүз жаркырап, кечинде эшикке чыгып, эч коркпостон басып жүрүп калдык. Баарыбызга көчө чырагы мыкты деңгээлде кызмат өтөп жатат. Айнурага чоң ыраазычылык билдирмекчимин».
Асема Сүйүндүкова