Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Аскар Акунов тикмечилик менен алектенет. Өзү гана иштебестен үйүндө бош отурган кыз- келиндерди да иштөөгө чакырат. Аскар Акунов акыркы он жылдан бери бул багыт боюнча иштеп келет.
Аскар Акунов иш үстүндө
«Бул ишти араклоого көптөгөн мээнет көптөгөн убакыт кетти. Менин иштегениме 10 жыл болду 10 жылдан бери аракет аракет кылсаң берекет аракет кылып ушу даражага жетип жатабыз.»
Аскар Акунов жеке эле өзү иштебестен, айылдагы бош келиндерди да жумуш менен камсыз кылат. Азыркы тапта аларга тигүү боюнча окууларды өткөрүп жатат:
«Учурда көп кыздарды, келиндерди үйрөтүп жатабыз. Буга байланыштуу буйрутмаларды аз- аздан алып, колдорун көндүрүп үйрөтүүдөбүз. 10 күндүн ичинде болжолдуу 3000-5000ге чейин киреше таап жатабыз».
Жумушчу кыз-келиндер
Цехте жумушчулар эртеден кечке отуруп иштешет. Мындай жумуш бир жагынан пайда алып келсе, экинчи жагынан ден соолукка да зыянын тийгизбей койбойт.
«Отуруп иштегенде бөйрөккө күч келет. Көптөгөн кийимдерди туура эмес тигип алсаң нерв болосуң, стресс. Стресс ар кандай ооруларды пайда кылат экен. Колубуздун келишинче кылдаттык менен иштегенге аракет кылып келебиз»,-дейт Аскар Акунов.
Айылда жумушсуздук күч алган. Бирок ага карабастан жумуш таап, колунан келишинче эмгектенген инсандар да көбөйүүдө.
Айжан Турдубекова