Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 18-май «Сары-Өзөн Чолпондору-2023» гала-концерт фестивалы болуп өттү. Бул фестивалга Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эмил Орозбаков, Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдраева Кундуз, «Билим ордо» мугалимдер фондунун төрагасы Турдубаев Сьездбек жана координатору Мамбетакунов Таалайбек Кадыркулович, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Турум Сатарбаева катышышты.
«Сары-Өзөн Чолпондору-2023» фестивалынын ачылышы
Аманкан Кенжебаев- Жогорку Кеңештин депутаты:
«Бизде «Сары-Өзөн Чолпондору» фестивалы Сокулук районубузда жыл сайын өтөт. Сиздер өзуңүздөр билгендей ушул концерттик программа менен областтык деңгээлде сынакка катышып, Сокулук району ар дайым гран при же 1-орунду алып жүрөбүз. Бугүн биз балдарыбызды көруп жүрөк сүйүнөт, элди аябай кубанттыңар урматтуу өнөрпоздор. Келечегиңер кең, кыргызга кызмат кылган жакшы уул-кыздардан болушуңарга тилектешпиз. Урматтуу биздин мугалимдер, ата-энелер эмгек силердики, ошондуктан сиздерге кыргыз элинин атынан ыраазычылык айтам жана ишиңерге ийгилик каалап, биздин балдардын өнөрү алдыга жыла берсин. Ырахмат баарыңыздарга. Майрамыбыз кут болсун»,-деп айтты.
«Саламатсыздарбы урматтуу бүгүнкү меймандар, иш-чаранын катышуучулары жана Турум Сатарбаевна. Аманкан Батырканович айткандай, облустук деңгээлде » Сары-Өзөн Чолпондору» фестивалын көрдүк. Бирок облустун ичинен мен өтө баса белгилеп кетчу жогорку деңгээлде кайсы иш-чара болбосун профессионалдык деңгээлде алып чыккан бул албетте Сокулук району. Алдыда канча деген республикалык, облустук конкурстарды өткөрдүк. Бардыгында тең жалаң гран при, баш байге ээси болуп келе жатат. Ал эми бүгүнкү балдардын өнөр тартуусу жүрөк толкундатып, филорманияда отургандай болдук. Балдардын костюмдары өздөрүнө баштан аяк төп келгендигинде сөз жок. Сокулук районунун бардык мектептеринен тандалган чыгармачыл балдарды бүгүн сахнага алып чыгууда зор эмгек талап кылынат. Себеби мен музыкант болгондуктан жакшы билем. Бул иштер Турум Сатарбаевнанын жетектөөсүнүн алдында болуп келүүдө. Областык турдан мыкты-мыкты тандалган номерлерди Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында республикалык денгээлдеги өтүлүүчү сынакта баш байгелер менен күтөлү. Чоң рахмат. Ишиңиздерде ийгиликтер болсун»,-деп оюн билдирди.
Сьездбек Турдубаев- «Билим ордо» мугалимдер фондунун төрагасы:
«Саламатсыздар урматтуу мугалимдер. Мен азыр ушул концертти эки сааттай көргөндө бул жагы Өзбекстан, Кытайга барып келгендей болдум. Бирок өзүбүздүн кыргыз бийи мага жүрөгүмө жакты. Ырахмат балдар. Кыргыздын желегин көтөрүп чыкканыңар мени кубандырды. Мекениңердин өнөрпоз, патриот уул-кыздарынан болгула. Кең келечек каалайм»,- деди.
Турум Сатарбаева- Сокулук райондук билим берүү бөлүмунүн жетекчиси:
«Биз Сокулук району бир гана маданият жагынан биринчи эмеспиз, Чүй облусу боюнча биринчи орунду ээлеп келе жатабыз. Билим сапаты менен, олимпиададан да, ошондой эле «Алтын тамга» сынагынан да биринчи орундабыз азырынча. Жакынкы арада алдыда бүтүрүүчүлөрүбүз ОРТ сынагын тапшырышат»,-деп айтты.
Эмил Орозбаков- Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары
«Күнүбүз кутмандуу болсун кымбаттуу балдар, урматтуу мугалимдер, ата-энелер, ардактуу меймандар. Баарыңыздарды жогорку денгээлде өткөн «Сары-Өзөн Чолпондорунун» гала концерти менен куттуктайм. Албетте кубандырат, кирип келе жатканда эле Сокулук районундагы балдар таланттуу , социалдык экономика жана экономикалык жактан өнүгүшүнө салымдарын кошуусун балдардын кол өнөрчүлүк көргөзмөсү айтып турду. «Манас» атабыздын ураанын угуп, балдарыбыздын Манас атабыздын осуяттарын урматтап, дайыма унутпай айтып келгендиги өзгөчө жүрөгүбүздү толкундатты. Балдар сиздерге чоң рахмат. Ал эми залга киргендеги эки сааттык концерт эки минутадай өттү. Филарманиянын чоң залында өткөн концерттен эч айырмасы жок. Бирок, бир гана айырмасы бар. Филормонияга чоң акча сарпталат, ал эми бул жерде биздин балдардын ,мугалимдердин, ата-энелердин деми менен жакшынакай концерт көрдүк. Ар бир бала таланттуу дейт, ооба бирок ошол талантты ачууга насаатчы керек. Урматтуу Турум Сатарбаевна сиз жетектеген жамаатка, мектеп директорлоруна, баарыңыздарга чон ыраазычылык, терең таазим этебиз. Сиздердин асыл эмгегиңиздер өсө берсин. Дайыма биздин балдар чоң сахнада, атактуу инсандар болуп чыгышсын. Сокулуктан баатырлар, чыгаан инсандар чыккан. Азыр жалпыбыз күбө болгондой мугалимдердин иш алып баруусунда, убакытты текке кетирбей ушундай таланттуу балдарды тарбиялап чыгаргандарына таазим этебиз. Залда ата-энелер толкунданып олтурат. «Чоңдор согушту токтоткула» деген ырда аппаратура да толкунданды, бирок кичинекей аткаруучу кыз эч толкунданбай, ырды жан дили менен аягына чейин аткарды. Ырдын мааниси өтө терең. Мен чоң адамдарга кайрылат элем, ар дайым ойлонууларын, улуттар арасында согуш болтурбоолорун, Кыргызстанда тынчтык жана түшүнүү орнотууларын. Балдарыбызга бекем ден соолук, жакшы окуу, дайыма тынчтык, ачык асман каалайм. Майрамыңыздар кут болсун»,-деди.
Мугалим- чырпыктан чынар өстүрөт.
Динара Султаналиева, Берметкан Исабекова