Кесип тандоо бул- ар бир жаш адамдын алдында турган эң маанилүү кадам. Ал эми жөндөмүнө, каалоосуна, шыгына жараша туура тандоо андан эки эсе жоопкерчиликтүү. Көпчүлүк учурда тандоого жакындары, достору тикелей таасир этишет. Бул таасир ийгиликтүү да болушу толук ыктымал. Инават Макеилова атасынын кеңеши менен ветеринардык кесипти тандаган. Ал кичине кезде эле экзотикалык жаныбарларды изилдеген окумуштуу болгусу келчү. Телевизордон “Жаныбарлар дүйнөсү” деген көрсөтүүнү калтырбай көрүп, жаныбарлардын илдеттери тууралуу китепчелерди чогултуп окуган адатым бар эле деп эстейт.
Инават Макеилова-ветеринар айым
“Окууну бүтүп жатканда атам ветврач замандын талабына ылайык эң сонун кесип экенин айтып, кеңеш берген. Башында уялчумун. Анткени окууга жаңы өткөнүмдө атамдын агасы, күйөө баласы болуп «Сен вет врач болосуңбу? Жору жууйсунбу»- деп уялтышканы эсимде. Ошондо дагы атам: “Жок, менин кызымды көрөсүңөр, кесибин сүйгөн мыкты вет врач болот, кызымдын ийгилигине көп күбө болосуңар» деп колдочу. Бир аз убакыттын кийин чыныгы окуу, чыныгы мээнетти, жоопкерчиликти талап кылган кесип экенин түшүнүп калдым. Жакшы окуганга аракет кылып, ветврач болом деп айткандан уялбай калдым. Негизи кесип тандоодо жөндөмгө жана азыркы заманда ошол кесипке суроо-талап болобу? деген өңдүү суроолордун тегерегинде ойлонуп, ички интуицияны угуу зарыл”,- деди ветврач айым.
Адам жөндөмүнө карабай деле көп нерсени каалоосу мүмкүн, ага чек жок. Эгер жаш адам- мейли ал кыз болобу, же эркек болобу тандаган кесипти сүйсө, аны майын чыгара иштесе “Эл эмне дейт” деген көз караштан эмнеге чочулашы керек?
Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Улан Данияровдун ою боюнча кесип тандоодо жаштарга эски көз караштар таасир этпейт:
Улан Данияров башталгыч класстын мугалими
“Ар бир кесип ардактуу дейт, болгону тандоодо жаңылбаш керек. Баланын шыгына жараша ата-эне, мейли мугалим “булактын көзүн ачып, багыт бергени оң. Азыр эми эркек мындай, кыз тигиндей кесипке ээ болушу керек деген сөз маанисин жоготкон. Себеп дегенде замандын агымына жараша жаштардын көз карашы такыр башка, эски көз караштар кесип тандоого таасир этпей калган. Туура тандалган кесипте “эл эмне дейт” деген санаркоо болбойт”.
Стереотип-өзү бул улам жарала берген көз караш, пайда боло берген ой-пикир. Анткени ал ой-пикирлер эркектик-аялдык касиеттерди идеалдуу түрүндө көргөнгө таандык. Идеалдуу деген-кыздар назик, ал эми эркек балдар шок болушу кажет деген стереотиптүү ишеним.
Гендердик эксперт Гүлнара Ибраеванын айтымында стереотиптин кызык касиети бар.
“Чыныгы аялдын касиети деп сунушталган аялдарга таандык кесиптер биздин коомдо бааланбайт, акысы аз төлөнөт. Анткени бул кесиптер стратегиялык багыттар болуп эсептелинбейт. Стратегиялык багыттар -бул энергетика, кен казуу ж.б.
Кичине кезибизден кыз бала болобу же эркек бала болобу туура багыт, туура жол деп эсептеген көз карашыбыз бар. Кыздарга кандайдыр бир касиеттер таандык б.а кыздар назик күйүмдүү камкор, ар нерсеге шыктуу болуш керек. Ошондой кыз болсо бул гана чыныгы аялзаттык касиетке ээ кыз делет.
Анан биз ошол “туура, чыныгы” касиетке ээ болгонго өзүбүздү-өзүбүз айлана-чөйрөгө багыттап тарбиялайбыз. Кесип да ошого жараша тандалат. Мына ушул аялдарга таандык кыла турган касиеттер-стеоретиптер. Мугалим, медик, тарбиячылар-ошонун баары аялзаттын касиетине туура келген кесиптер деп эсептелип калган”, -дейт.
Мындан табигый түрү менен аялдардын эмгек акыдагы гендердик ажырым, тактап айтканда, эркектерге таандык жана аялдарга таандык кесиптер бар деп бөлүнүүсүн көрүүгө болорун жана бул жагдай туура эмес экендигин кошумчалады Г.Ибраева.
Чынында кесиптердин бөлүнүүсү туура эмес экенин каарманыбыз Инават Макеилованын тажрыйбасынан улам байкоого болот. Анткени ветврач эркектерге таандык кесип дебестен, жолдошу, кайын журту сүйүнүү менен кабыл алып, дайыма колдоо көрсөтүп келет.
Инават Макеилова жайлоодогу чабандарга барып кеп-кеңеш берет
Өзү дагы кош бойлуу экенине карабастан алыскы жайлоолорго барып, чабандарга, фермерлерге адис катары кеп-кеңешин, жардамын аябайт. Студент кезинде ар кандай операцияларды жасап, мыкты практикадан өткөндүктөн козу бычуу сыяктуу кызматтарды оңой эле жасайт. Кесибимди абдан сүйөм, алмаштыруу оюмда жок деген ветврач айымдын келечекте фермерлердин айыл чарба сабаттуулугун жакшыртуу максаты бар.
Барчын Мамытбекова