Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенип келишет. Кышкысын айыл тургундары малын жем, чөп менен кыштан чыгарат. Күз, жаз, жай айларында жайытты колдонуп келишет. Муну менен катар Оттук айылынын тургундары акыга мал алып, ал малды алты ай же андан ашык мөөнөткө жайлоолордо багып беришет. Ошондуктан малдын жайытка көп келиши жайыттарды деградацияга учуратып, жер тонолуп, айыл эли тоютту сатып алууда өтө көп чыгымга учурашууда.
Жайыттардын азыркы учурдагы көрүнүшү
Айыл өкмөттөрдү активдештирүүгө Он — Арча айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келген Чыңгыз Мамбеткулов жайыт жергелерге карата мораторий жаярыланганын айтат:
«Арчалуу, Туюк жайлоолорун, ичке бөксөлөрдү эс алдыруу боюнча кеңештин токтомун кабыл алганбыз. Анын негизинде айыл өкмөттүн буйругун чыгарганбыз. Быйылкы жылы мисалы, кыш абдан сабак болду десем жаңылышбайм. Себеби, чоң бодо малдар кар тээп, жей турганга чөп жок болду. Өзгөчө жылкы баласы. Жылкылар жайыттаран эле кыштан чыгып кетчү, эч бири жаз келгиче кол карачу эмес. Жалпы элдин макулдуулугу менен, көпчүлүктүн протоколу менен кеңешке сунуштап, кеңеш токтом чыгарып берип, токтомдун негизинде айыл өкмөттүн буйругу аркылуу айрым жайыт жерлери 2023-жылдын май, июнь айларынан тарта эс алдырууга кетет.
Чыңгыз Мамбеткулов
Бул мораторий 2025- жылга чейин созулат. Буга ылайык, биринчиден, айылга кошумча малдарды алып келүүгө бардыгына чектөө киргизип жаткан учурубуз. Экинчиден, чектөө кирген малдардын бардыгын Терс -Суу чоң жайлоосуна батырганга аракет кылуудабыз. Бирок айылдын малчы чабандарына дагы Ак-Сай, Арпа жайлоолоруна барууга сунуш киргизип жатабыз. Ал эми коңшу айылдардын жайыттары тууралуу Миң -Булак айыл өкмөтү менен сүйлөшүлгөн. Бирок азыркы учурда активдештирүүнүн негизинде Он -Арча, Эмгекчил, Миң -Булак айыл өкмөтү бир айыл өкмөт болуп калгандыктан, айрым маселелерди чечүүдө өкмөткө да жеңил болуп калды.»
Кичи бөксөлөр
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылынын жайыт комитети Өмүрбек Карабагышов жайытты сарамжалдуу пайдалануу керектигин баса белгилейт:
«Жайыттарды жакшы сапатта колдонуу үчүн мораторийге киргизип жатабыз. Мораторийге киргизгенибиздин бирден бир себеби, сарамжалдуу пайдалануу жана жер алмаштыруу болуп эсептелет. Мораторийдин жакшы жери бул жер эс алып, деградацияга кабылбайт. Жоголуп бара жаткан чөптөрдүн көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Ошондуктан, бизде мал көбөйгөндүгүнө байланыштуу чөптөр уругун чача албайт, аларды мал жеп салат же тебелеп салат. Анын үстүнө жер да эс албай деградацияга учурап жатат. Эки, үч жыл мораторий кылсак жер эс алып, чөптөр мыкты өсүп, жер калыбына келет эле. Биздин жайытыбыз тар болгондуктан, Миң -Булакка, Эмгекчилге, Оттукка, Жерге-Талга да кошобуз. Элдер бул жакка да, ал жерлерге да акча төлөп келишет».
Өмүрбек Карабагышов
Оттук айылынын тургуну Асанкалый Узаков жайлоого чыкпаса дагы жайыттардын мораторийинин болуусун каалайт:
«Мен жайлоого чыкпасам дагы, мораторийдин болуусун каалайм. Себеби, малдын оңолушуна да өбөлгө түзөт. Аны менен катар эле жердин эс алышына эң жакшы демекчимин. Мисалы, менин уйларым жазында жайыттан жакшы тоюнбай калып, кол карап жатат. Эки маал чөп берип, бир маал жем берем. Эки, үч жылдан жылдан жерлерди эс алдырып, кайрадан калыбына келтирүү жолдорун карасак малга да, үй-бүлөлү бюджетке жакшы болмок.»
Жайыт жерлерди сактап калуу менен климаттын өзгөрүшүнүн да алдын алса болот. Себеби, жайыт жерлердин бузулушу, жер кыртышынын бузулушуна алып келет. Ал өз кезегинде табигый кырсыктарга айланат.
Гулнара Кенжеш кызы