Быйыл Суусамырда жыйырма төрт бүтүрүүчү окууну аяктаганы турат. Алар элетте кесип тандоого мүмкүнчүлүктөр аз болгонуна карабай өз тандоолорун жасашкан. Бирок, алардын арасында кесип тандай албай жаткандар дагы бар. Буга ата-энелердин макул болбогону, окуучулардын кызыгуусунун жоктугу дагы башка көптөгөн себептер таасир тийгизет.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 11-классын аяктап жаткан Акбермет Асылбекова келечекте милиция болууну каалайт. Учурда ал ИИМ академиясына бюджеттик негизде тапшырууга даярданып жатат :
“Менин бул кесипти тандоомдун себеби атамдан таасирлендим десем болот, себеби, атам айылдык участокто майорго чейин көтөрүлүп, азыркы учурда эс алууда. Милиция кызматкери болуу бул менин бала кезимден келе жаткан кыялым, мага милиция кызматкерлеринин жүрүм- туруму, формасы өтө жагат. Атам жумуштан келе жатканда ар дайым тосуп алып аябай сыймыктануу менен карачымын. Мындайча айтканда өзүмдүн мүнөзүмө жана оюма төп келишкен кесип деп айтсам дагы жанылышпайм.
Бирок албетте менин бул кызыгуумду башында үйдөн колдошкон жок, кызга бул кесип болбойт, күйөөгө тийсең балалуу болсоң кыйналып каласың, андан көрө медицина жагына тапшыр, жумуш дагы бат табылат деп дагы тандаган кесибимден баш тартуумду суранышты. Бирок мен ата энем менен сүйлөшүп, аларды көндүрдүм десем болот…”
Аталган мектептин бүтүрүүчү класстын жетекчиси Асел Бакаева кесип тандоодо окуучулардын шыгын жана кызыгуусун эске алуу менен мектепте дагы багыт берилерин айтат:
“Мен окуучуларым менен кесип тандоо боюнча маек кылып келем, жана ар биринин кызыгуусу жана шыгына жараша багыт берүүгө аракет кылам, ошондой эле маек учурнда азыр кайсы кесип актуалдуу, кайсы университетке тапшырса кандай мүкүнчүлүктөр бар ушул сыяктуу дагы маселелер эске алынат. Окуучуларым жеке менин гана предметим менен чектелбестен башка предметтен сабак берген эжелерден дагы кеңеш сурап, кайрылып турушат.
Бала кесип тандап жаткан учурда ата-эненин дагы колдоосу маанилүү
Бүгүнкү күндө мага ата-энелер келип кеп кеңешин сурап жатышат. Мисалы кайсы кесип азыркы учурда актуалдуу болуп жатат же баламдын эмнеге жөндөмү бар деп. Бала кесип тандап жаткан учурда ата-эне алгач баланын оюн сурап, эки тарап бир чечмиге келип алганы туура. Ал эми бала өз кезегинде ата-энесинин мүкүнчүлүктөрүн дагы эске алуусу зарыл. Бул өтө кылдаттыкты талап кылган маселе себеп дегенде бул жерде баланын келечеги тууралуу сөз болуп жатат. Ошол себептен кесип тандап жаткан учурда балага ата-эне тарабынан моралдык жактан колдоо өтө маанилүү.
Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдө кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү бар
Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 70-80 пайызы кесипти өздөрү тандайт. Бүтүрүүчүлөрдүн тандоосу дагы кеңири деп айта алам. Азыркы учурда Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин мурунку бүтүп кеткен окуучулары ар бир университеттен келип, бүрүүчүлөргө Кыргызстандагы ар бир университет тууралуу маалыматтарды бөлүшүп чогулуш кылып турушат. Мисалы, тапшыруу жолдору, кандай факультеттер бар, кайсы университет кайсы өлкө менен байланышы бар, келечеги кандай деген сыяктуу маалыматтар. Андан тышкары, мектеп администрациясына дагы ар кайсы университеттерден чакыруу кагаздары келип турат чакыруу жеке Кыргызстандын ичиндеги окуу жайлардан эмес чет өлкөдөгү окуу жайлардан дагы бар. Ал эми биз өз кезегибизде окуучуларга ошол маалыматты жеткирип турабыз.
Баланы колдоо бул ар бир ата эненин жоопкерчилиги
«Албетте, Акбермет менин жолумду жолдоп ИИМ академиясына тапшырам деп айтканда мен бир жагынан өзүм менен сыймыктансам, экинчи жагынан кызым менен сыймыктангам. Себеби, ар бир эле бала атасы же апасынын жолун жолдоп, ал тандаган кесипти үлгү катары тандабаса керек. Менин оюмча ар бир ата- эне өз баласынын колдоого жооптуу, себеби бул жерде баланын келечеги тагдыры чечилип жатат. Балким ата эне бала кесип тандоодо кыйналып жаткан учур болсо өзүнүн кеп кеңешин айтып, багыт берип койсо болот. Бирок, жок сен ал кесипти эмне кыласың, мен айткандай болот деп өзү алдын ала баласына тандап койгон окуу жайга тапшыртып коюу туура эмес деп эсептейм»,- дейт Акберметтин атасы Съездбек Асылбек уулу.
Айтурган Кушкарбекова