Нарын облусунун Акталаа районундагы Баетов айылынын кичинекей тургундары Мырзайым Жумагожоева он жылдан бери эжеси Эркеайым менен бирге каражат чогултууну адатка айландырышкан. Алар чоң атасы, чон апасы берген акчаларды эч качан балмуздак жана башка таттуулар үчүн коротпостон, белекке алган акча кутуга (копилкага) салышат. Мындан сырткары Мырзайым апасына кагаз чыгарып жардам берет. Алгач чогулта баштаганда Мырзайым төрт гана жашта болчу.
“Жыл сайын августтан июнь айынын аягына чейин чогултабыз. Апам атайын кутуга акча же тыйын сал деп көрсөтүп берип, акчаңарга керектүүңөрдү сатып аласыңар деген”.
Эл аралык адистердин айтымында бүгүнкү күндө жер шаарында 1% жетпеген балдарга гана финансылык билим жетиштүү. Ошол себептүү балдарды өз каражатын жоопкерчилик менен сарптоо жана сактоо тууралуу тийиштүү билим берүү маанилүү. Мырзайымдын апасы Күмүшай дагы балдарына ушул багытта кеңеш берип, акырындап каржы сабаттуулукка үйрөтүп келет. Ал эми чогулткан каражатка эмне сатып алууну же эмне зарыл экенин үй-бүлөдө чогуу кеңешип чечишет.
Акча кайдан келери, сарамжалдуу пайдалануу тууралуу балдарга үй-бүлөдө айтып, түшүндүрүүсү керек. Ал эми ата-эне тапкан акчасын сарптоодо же үй-бүлөлүк бюджетти пландоодо балдарын кошо отургузуп алып, аларга дагы канча каражат кайда жумшалары тууралуу биргеликте кеңешүү маанилүү. Баетов айылынын тургуну Рүстөм Күсөрманбетов акчаны сарптоону ата-эне балага өзү аркылуу үйрөтүү керек экендигин белгилейт.
“Аларга акча табуу ата-эненин милдети экенин, ал эми бала мектеп жашында окуп, билим алуусу керектигин түшүндүрүш керек. Болгону балдарга ата-эне берген же өздөрү чогулткан каражатты үнөмдүү пайдалануу, максаттуу сарптоо, акча деген эмне, аны кантип табыларын өздөрү аркылуу үйрөтүү керек. Анткени балдар атасынын жакшы машинасы же апасынын кооз кийими кымбат турарын гана билбестен, ал талбас эмгектин арты менен келерин түшүнүшү керек. Эгер ата-эне өздөрү акчаны ой-келди колдоно берсе, балдар деле акчаны баалабай, чачканды гана үйрөнүп чоңоет. Үй-бүлөдө эң биринчи зарыл нерсени гана сатып алуу керектигин балага айтып эмес, көрсөтүп үйрөтүү керек.
Каржы адам баласынын күнүмдүк жашоосунда маанилүү роль ойногондуктан бул багытта мектепте кезден эле кандайдыр бир көндүмдөрдү үйрөтүү, билим берүү дурус.
Мисалга алсак, Акталаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде жарманке уюштурулуп, ага окуучулар өз колдору менен жасаган тамак-аш же буюмдарды алып келип сатыкка коюшат. Бул иш-чарада алар товарга бааны кантип туура коюу керек, акчанын баркын билүү деген көндүмдөрдү ала алышат.
Түшкөн каражат мектеп парламенти уюштурган ар кандай иш-чараларга жумшалат, бирок кийинки жарманке үчүн тиешелүү каражатты сактап коюшат. Окуучулардын социалдык ишкердүүлүгү ошентип улана берет.
Мырзайым Жумагожоева каражат чогултуп жаткан убакта кутуну ачпайт. Алар чогулткан каражат ар жылы ар башка өлчөмдө болуп, жылдан-жылга суммасы көбөйүүдө. Эгер биринчи жылы 500 сом болсо, бул сумма 8000 сомго жеткен.
“Былтыр иним төрөлүп, алган көрүндүктөрдү кутуга бүт салгам. Көп чогулган.
Апам кагаз чыгарып, ламинанттап, телефонго бирдик салып кызмат көрсөтөт. Жардам берип турам да, ошого берген тыйындарды дагы салабыз. Акча чогултуу бизди сарамжалдуулукка үйрөттү. Керектүү нерсеге жумшаганды, үнөмдөөнү жана сатып алганды үйрөндүк. Улуу эжем буюрса окууну бүтөт. Ошол себептүү окуу барганда керек деп кийим салганга чемодан сатып алалы деп жатабыз”,- деди Мырзайым.
Балдар үчүн көп суммадагы каражатты жанына алып жүрүү зарыл эмес. Анткени коопсуз жагдайлар кездешпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Кутуга чогулган же чогултуучу каражатты электрондук капчыкка, картага же банктан эсеп ачуу менен ишенимдүү сактоо болорун билүү балдар үчүн ашыктык кылбайт.
Мындан сырткары балдар үйдөн отуруп эле, убакытты үнөмдөө менен сатып алуу, сатуу иштерин, онлайн төлөмдөрдү аткарганды үйрөнүшөт.
Барчын Мамытбекова