24-майда Кочкор районунун Кара-Суу айылында заманбап эс алуу жайынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Кочкор райондук администрациясынын башчысы- аким Э.Омошев, айыл өкмөт башчысы жана айыл тургундары катышты.
Эс алуучу жайды мектепти 20 жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөр айыл элине белек катары тартуулашты. Эске сала кетсек курулуштун жалпы суммасы 1 млн 500 миң сомду түзүп, 5 айдын ичинде толук жасалып бүттү.
Бакыт Кожокматов