Чолпон айылынын тургуну Таалайкүл Садыбакасова көп жылдардан бери булочка жасоо менен алектенип келет. Ишкердин наабайканасында 1 камыр жууругуч, 2 меш, 1 көптүргүч бар.
Жеке ишкер Таалайкүл Садыбакасова: «Менин нан, булочкаларды жасап ишкерлик кылганыма 10 жылдан ашты. 2010-жылдары мектептерге булочка менен чай бериле баштаган. Ошол учурда мен дагы ушул ишти баштадым. Андан соң мектептердин бул каржылоосу ата-энелердин эсебине өткөндүктөн, дүкөндөргө жасай баштадык. Жасаганда дагы суроо-талаптарга, өтүмдүүлүгүнө жараша болот. Чолпон айылында 5-6 дүкөн бар. Мына ошол дүкөндөргө керектүү учурларда өткөрүп турабыз. Ал эми жеке дагы буйрутма бергендер дагы жок эмес. Алардын айткандары боюнча, санына жараша сапаттуу, даамдуу кылып жасоого аракет кылабыз», деген маалымат менен бөлүштү.
Чолпон айылынын тургуну Роза Мамбеталиева: «Мен бул жерде 2 жылдай иштегем. Ал учурда нан, булочка, кекс жана коржик сыяктуу таттуу токочторду ар бир күнү бышырчубуз. Алар бышкандан соң дүкөндөргө сатыкка коюлчу. Азыркы күндө деле аларды дүкөндөрдөн сатып алгандар көп. Бирок мен азыркы учурда ал жакта иштебейм. Таалайкүл эженин жасаган булочкалары өтө даамдуу, жогорку деңгээлде жасалат. Алардын көрүнүшү дагы абдан жакшы. Биз ар кандай тойлордо жана керек учурларда буйрутма беребиз»,- деди.
Айыл тургундарынын, дүкөнчүлөрдүн айтымында жасалган булочкалардын сапаты, даамы өтө жакшы жана өтүмдүүлүгү дагы жогору.
Элеттик ишкер айымдар тууралуу бул жерден окусаңыз болот.
Акылай Болотбекова