Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-4-класстарга ысык тамак берилет. Мектеп ашканасындагы ашпозчу айымдардын кызматын көп эле адам биле бербейт. Ашпозчунун кызматы кандай? Аны өзүнөн сурап көрдүк.
Назгүл Карбозова
14 жыл мектеп ашканасында эмгек кылган Карбозова Назгүл өзүнүн жумушу тууралуу буларды айтты: «Биздин жумуш убактыбыз саат 7:00дө башталып 9:35тен баштап тамак берип баштайбыз. Ар бир класска 15 мүнөттөн бөлүнүп берилген 1:30 сааттын ичинде тамактарын берип бүтөбүз. Баардыгы 208 балага ысык тамак беребиз. Ысык тамак берүү демилгеси 2013-жылы ишке кирген, ушундан улам балдарды ысык тамак менен камсыз кылып келебиз. Бизде 3 адам иштейбиз идиш жуугуч, ашкананы тазалагыч жана ашпозчу. Азык-түлүк менен айыл өкмөтү камсыз кылат, калганы ата-энелердин эсебинен. Ата-энелер ай сайын 200 сом төлөшөт. Эт, ун жана тазалык буюмдары дагы ата-энелерден. Жума күнү жалаң эт менен түрдүү тамактар берилет. 1 жумада 3 жолу эт менен тамак, 1жолу ботко, 1 жолу ичине картошка, капуста салынган таттуу токоч берилет. Жумушубузду сүйүп иштейбиз бирок жумуш оор. Анткени электр энергиясы өчүп калган күндөрү эшикке от жагып тамактарды даярдайбыз».
Иш учуру
Ашкананын ичи
«208 баланын курсагын тойгузабыз»
Айчүрөк Сапаркулова