Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Жаманкул Тойгонбаев №15 кесиптик лицейинин мугалимдери келип, окуучуларга туура кесипти тандоого багыт берип, ошондой эле лицей тууралуу мектеп окуучуларына кененирээк маалымат бере кетти.
Кочкор районунун №15 кесиптик лицейинин мугалими Элмира Сабатаева:
«Биз Жаманкул Тойгонбаев №15 кесиптик лицейден келдик. Ошол жердин жамааты айылдарды кыдырып, лицейди жарнама кылып жатабыз. Мисал үчүн бизде окусаңар бул кесип ашыкча болбойт деп ойлойм. Бул диплом менен кошумча каражат табасыңар. Бизде тигүүчү кесиби, ашпозчу кесиби, мал доктор, слесарь автоэлектр жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк кесиптери бар. Бул кесиптин баары айыл жергесине болобу башка жер болобу эч качан ашыкча болбойт.
Анан азыр жаштар жаш кезинде көп ойлонбой жатышат. Ал эми биз 28 жашка чейин эле кабыл алгандыгыбызга байланыштуу 30 жаштан өтүп калгандар келип чет өлкөгө баруу үчүн диплом сурашат. Бирок азыр мындай жол менен диплом берилбейт. Бул лицейде 28 жашка чейин бекер. 28 жашка чейинки жараандар окуса каалаган чет жакка барып окуп, иштеп жан бакса болот.
Мисалы тигүүчү цехти алсак, Кочкордо №15 кесиптик лицей аркылуу биргелешип иштешкен 40 орундуу чоң ишкана бар. Азыркы убакта дуальный метод менен Кыргызстан боюнча окуу келип жатат. Дуальный методдын 80% ишканада иштеп каражат таба берет. 1 жуманын ичинде эле тиккенди үйрөнгөндөн кийин эле каражат таап иштеп башташат. Ал эми 20% теория сабагы, бычканды үйрөнүшөт. Аны дагы сааты менен үйрөнүп, кайра келип иштеп баскан турган акчасын табып алат».
Акылай Карыпбекова