Нарын районуна караштуу Оттук айылында Беш — Сары орто жайлоосунда айыл эли үчүн канал курулууда. Бул Беш -Сары каналы иштелип бүтсө айыл эли канча гектарлык суу менен камсыз болот эле. Бул каналдын иштелүүсү айыл эли үчүн өтө жакшы пайда. Себеби, айыл тургундарынын бир канча пайызы дыйканчылык менен алектенгендиктен суунун жетишсиздиги көйгөйлүү маселелердин бири болуп келген.
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну Кубан Карагулов канал куруу боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
«Биз Беш -Сары каналын курууну баштап жатабыз. Бул канал бүтүп калса, кайрак жерлерди суу басат эле. Долбоорду ишке ашырууга оздүк салым да чоң мааниге ээ экен. Ошого байланыштуу ар бир үй-бүлөө жардам берип, акчалай жана мал берип салым кошуп жатышат. Учурда 600-700 миңдей акча чогулуп калды. Бул маселе боюнча өкмөткө да кайрылуу жазап, өкүлдөр келип көрүп баалап кетишкен. Буюрса акча тыйынын чечип беребиз деп жатышат. Куруу иштерине айылдын эли дагы жардам беребиз деп жатышат. Бул каналды бүтүрүп алсак көп муктаждыгыбыз чечилет эле».
Оттук айылынын тургуну Адеп Чүмөдөев айтымында канал курулуп калса кайрак жерлердин 50% суугат жерге айланат.
«Беш -Сары каналы жазалып бүтсө айылдын жери 50% суу менен камсыз болот. Каналдын жазалып бүтүүсү жергиликтүү калк үчүн өтө сонун пайда алып келет», -дейт Адеп Чүмөдөев.
Жаз келгенден тарта айыл эли малга тоют камдоо үчүн жер айдоо иштерин жүргүзүп келет. Суу баспаган жерлерди суугаруу үчүн каналдын жазалышына ар бир үй -бүлө колунан келген жардамын кылып, каналдын курулуусуна шарт түзүүдө.
Гулнара Кенжеш кызы