23-май күнү Кочкор райондук Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жылдык отчеттук концертин Кочкор районунун тургундарына тартуулашты.
Концерт мектептин алдында түзүлгөн «Миң Кыял» эл аспаптар оркестрдин коштоосунда мукам ырларды ырдаган ырчылар, кол ойноткон комузчулар, улуттук аспапты аздектеген ооз комузчулар, кыл кыякчылар, калк арасында тараган үйлөмө аспаптар, чимириле бийлеген бийчилер, аккордеон кайрыктарынын обондору тартууланды.
Отчеттук концертке Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев катышып куттуктоо сөзү менен кайрылды.
Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин жалпы жамаатына, ата-энелерге терең ыраазычылык билдирип, ийгилип каалап кетти.
Бүгүнкү иш-чаранын уюштуручусу жана балдар искусство мектебинин жетекчиси Бермет Абдырахманова маалымат берди.
Өзүбүздүн жыл ичинде жетишкендиктерибизди, алдынкы окуучуларыбызды, эң жакшы эмгектенген мугалимдерибизди көрсөткөн концерт. Жыл ичинде көптөгөн жакшы саамалыктар болду десем болот. Эң орчундулары бул эл аралык, республикалык жана облустук конкурстарда алдынкы орундарга ээ болдук.
Жакын арада өтчү «Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу конкурска биздин мектептин окуучусу областан биринчи орун алып катышууга кетип жатат. «Достук шаңы-2023»- 8 эл аралык кароо концертинде «Ибарат» комузчулар ансамбли үчүнчү орунду алып келишти. Бийчилер » Бий өнөрү» конкурсунан үчүнчү орунга ээ болушту. Экинчи Республикалык Асанкан Жумакматовдун 100-жылдыгына карата оркестрлар арасында өткөрүлгөн конкурста Кочкор райондук Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин алдында түзүлгөн «Миң Кыял» оркестри 50 миң сом акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланып келди. Бүгүн биздин мектептин бүтүрүчүлөрүнө күбөлүк берип, окуткан агай-эжейлерине дипломдор тапшырылат.
Балдар искусство мектебинин бүтүрүчүлөрү өздөрүнүн талантары менен бөлүшүп келген конокторго жакшы маанай тартуулашты.
Асема Молдошева, Мадина Жокенова, Канайым Мирланова