Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунey Казарман айылындагы Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектебинде, балдар искусство мектептер арасында өткөрүлгөн «Жаш музыкант-2023» облустук кароо сынагы жыйынтыкталды

Сынакка Нарын шаары, Ат-Башы, Жумгал жана Кочкор райондорундагы балдар музыкалык мектептеринде окуган, тактап айтканда 8 мектептен 100 гө жакын окуучу катышты.
Сынак фортепиано, баян, кыл аспаптар, үйлөмө аспаптар жана жана улуттук аспаптар боюнча жүргүзүлдү.

Сынак төмөнкүдөй орундар менен жыйынтыкталды:
1-орун Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектеби;
2- орун Нарын шаардык Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар музыкалык мектеби;
3-орун Жумгал районундагы Жаңы-Арык балдар искусство мектеби, Ат-Башы райондук Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектеби жана Жумгал районундагы Миңкуш-Балдар искусство мектеби ээ болду.

Соңунда Тогуз-Торо райондук майданият үйүндө сынактын жеңүүчүлөрү тарабынан көрүүчүлөргө гала концерт тартууланып, катышкан командаларга «Ардак грамоталар», «Ыраазычылык каттар» жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чарага Тогуз-Торо райондук администрациясынын өкүлдөрү, Бишкектен барган калыстар комиссиясы, аймактардан келген музыкалык окуу жайлардын директорлору, окутуучулар катышышты.
2024- жылы сынакты өткөрүү вазыйпасы Жумгал районундагы Миңкуш-Балдар искусство мектебине өткөрүлүп берилди.
Иш чаранын негизги максаты балдар искусство мектептеринен билим берүүсүн өнүктүрүү, балдардын чыгармачылык изденүүсүн аныктоо жана жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү болуп саналат.
Тогуз-Торо райондук көркөм-өнөр мектеби 1976-77-окуу жылында “Балдардын музыкалык мектеби” болуп түзүлгөн. Алгач мектепте комуз, баян, аккордеон, фортепиано бөлүмдөрү ачылып иштей баштаган.

Жеңүүчүлөргө Ыраазычылык кат, грамота тапшырылууда
Азыркы учурда мектепте 28 киши эмгектенип, 215 окуучу билим алат.
Тогуз-Торо районунда Ч. Айтматовдун туулган күнүнө жана Манас айтуу күнүнө карата сынактар дагы уюштурулган.
Даярдаган: Аэлита Илиязова