13-14-май күндөрү Кыргыз-Россия Славян университети базасында “Росатомдун” колдоосу менен “Глобал Хакатом” эл аралык студенттик чемпионатынын улуттук этабы өттү. Иш-чарага Кыргызстандын 5 жогорку окуу жайынан 75тен ашуун студент катышты.

Быйылкы чемпионат “Жашоо жана ден соолук үчүн ядролук технологиялар” темасына арналды. Иш-чара “Обнинск Тех” эл аралык илимий-билим берүү борборун өнүктүрүүнүн алкагында уюштурулду.
24 сааттын ичинде КРСУнун, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринен түзүлгөн 13 команда өзөктүк медицина тармагындагы практикалык кейстердин үстүндө иш алып барышты.

Чемпионаттын биринчи күнү билим берүүчү интенсив уюштурулуп, анда “Росатомдун”, Кыргызстан жана Россиянын профилдик университеттеринин эксперттери медициналык физиканын учурдагы абалы жана ядролук медицинанын келечеги тууралуу лекцияларды окушту.
14-май күнү студенттик командалар өз долбоорлорун эксперттик калыстар тобуна сунушташты. Калыстар курамына “Росатомдун”, Томск политехникалык университетинин өкүлдөрү жана Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы адистер кирди.
Жыйынтыгында И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын “Hot Spot” командасы жеңүүчү деп табылды. Алар позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографияны жүргүзүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун эсептөөгө багытталган универсалдуу системанын чечимин сунушташты. Эми команда 2026-жылдын сентябрь айында Россияда өтө турган “Глобал Хакатомдун” финалында Кыргызстандын атынан катышат.

Иш-чаранын алкагында Томск политехникалык университети менен Кыргыз-Россия Славян университети ортосунда “Медициналык физика” боюнча биргелешкен билим берүү программасын ишке киргизүү тууралуу келишимге кол коюлду.
“Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константинов белгилегендей, мындай долбоорлор жаштарга дүйнөлүк деңгээлдеги билим жана тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Белгилей кетсек, “Глобал Хакатом” атомдук тармактагы реалдуу маселелерди чечүүгө багытталган эл аралык студенттик чемпионат. Улуттук этаптар дүйнөнүн 15 өлкөсүндө өтүп, жеңүүчү командалар Россиядагы финалга жолдомо алышат.