Кыргызстандык жаш лидер Бектан Кыдыев «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Эл аралык жаштар кеңеши – Impact Team 2050 курамынын мүчөсү болуп шайланды. Ал кеңештеги 13 катышуучунун бири жана Борбордук Азия аймагынан жалгыз өкүл болуп калды.

Impact Team 2050 кеңешинин экинчи курамынын инагурациясы Россия Федерациясынын Обнинск шаарында өткөн IV Эл аралык «Обнинск NEW 2026» жаштар форумунун алкагында уюштурулду. Форумга дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 700гө жакын катышуучу чогулуп, 10 мамлекеттен жогорку деңгээлдеги делегациялар катышты. Онлайн форматта иш-чарага миллиондон ашуун студент кошулду.

Кыргызстандын атынан форумга Кыргыз Республикасынын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев катышып, «Чынжырлуу реакция: Жаштар коомчулугу дүйнөлүк атомдук тармакты кантип өзгөртүп жатат» аттуу пленардык сессияда баяндама жасады.
Impact Team 2050 кеңешине тандоо жогорку атаандаштыкта өттү. Бул жолу 85 өлкөдөн 2 миңден ашуун талапкер арыз берген. Тандоону «Росатомдун», Росатом корпоративдик академиясынын, БРИКС жаштар энергетика агенттигинин жетекчилери жана МАГАТЭнин өкүлдөрү камтылган эксперттик комиссия жүргүзгөн.

Бектан Кыдыев бул кеңешке мүчө болуу Кыргызстан үчүн эл аралык жаштар коомчулугу менен кызматташууну кеңейтүүгө, дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорго катышууга жана алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, алынган билим жана тажрыйба өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган жаңы демилгелерди ишке ашырууга жардам берет.
Бектан Кыдыев А.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин «Экология жана жаратылышты пайдалануу» адистиги боюнча студенти, Кыргыз Республикасынын Студенттер ассоциациясынын президенти жана БУУнун Кыргызстандагы Жаштар консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары.
«Росатомдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Дмитрий Константинов кыргызстандык студенттин мындай деңгээлдеги кеңешке тандалышы өлкөдөгү жаштардын потенциалынын жогору экенин көрсөтүп, илим жана туруктуу өнүгүү багытындагы эл аралык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Жалпысынан кеңешке 13 өлкөдөн 13 жаш лидер тандалды. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Египет, Эфиопия, Руанда, Танзания, Түштүк Африка Республикасы, Сербия, Венгрия жана Бразилиянын өкүлдөрү бар.

Эки жылдык мөөнөт ичинде кеңештин мүчөлөрү атомдук технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга жана дүйнө жүзүндөгү жаштар арасында бул багыттагы эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышат.