Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып үч жашка чейинки бардык балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизилди. Жөлөкпулдун өлчөмү айына 1200 сомду түзүп, ал үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин бардык балдарга төлөнөт.
Бүгүнкү күнгө карата Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына 234 эне аталган жөлөкпулду алуу боюнча кайрылып, арыздары тиешелүү тартипте кабыл алынды.

Айнаш Баязова (солдо)
Башкармалыктын мамлекеттик жөлөкпулду чектөө секторунун башкы адиси Айнаш Баязованын маалыматына караганда, бул багытта эч кандай көйгөйлөр катталган жок жана
учурда жөлөкпулду дайындоо жана каттоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Бул мамлекеттик жөлөкпулду кимдер ала алат?
2023-жылдын 1-августунан кийин төрөлгөн балдар.
Балага жеке идентификациялык номери (ПИН) берилип, ал алуучу (ата-энеси) менен чогуу жашаган учурда.
Эгер эгиздер же андан көп төрөлсө, төлөм ар бир балага өз-өзүнчө төлөнөт.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова