Кочкор районунда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүндө салтанаттуу түрдө белгиленди
Салтанаттуу иш-чарага Кочкор райондук администрациясынын аппарат жетекчиси К.Саадабаев, Ормон Хан айылдык Кеңешинин төрагасы Рыскелди Жолдошбек уулу, Кочкор райондук аскер комиссариатынын жана «Элдик» банкынын кызматкерлери катышып, куттукттоо сөздөрүн айтып грамота жана белектерин тапшырышты.

Кочкор районундагы С.Булатов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Эмилов Эрлан Эмилович
Алгачкы куттуктоо сөзүн Кочкор районундагы С.Булатов атындагы жалпы дарыгерлер борборунун башкы дарыгери Эмилов Эрлан Эмилович алып, кесиптештерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошодой эле аткарылып жаткан орчундуу иштерге токтолуп, дарыгерлер, медайымдар жана кенже кызматкерлердин ийгиликтерин баса белгиледи.

«Элдик» банкынын кызматкери Бекжан Райканов дарыгерлерди сыйлоо учуру
Андан с0ң медицина кызматкелерин сыйлоо аземи башталды. Өз ишинин алдыңкылары болгон кызматкерлерге Ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалпы дарыгерлер борборунун медайымы Айзат Шаршенова Ардак грамота менен сыйланды

Ормон Хан айылдык Кеңешинин төрагасы Рыскелди Жолдошбек уулу дарыгерди төш белги менен сыйлоодо

Кочкор райондук администрациясынын аппарат жетекчиси К.Саадабаев хирургия бөлүмүнүн дарыгерин сыйлоо учуру

Даярдаган:Бакыт Кожокматов